Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Сокулукта жакшы окуган окуучулардын ата-энелерине акчалай сыйлык берилди (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинин жакшы окуган окуучуларынын ата-энелерине акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Эне жана баланы коргоо борборунун ага тарбиячысы Айнура Мекешова билдирди.

«Борбордо “Баланын тарбиясы – бул кызматташтык” аталыштагы ата-энелердин чогулушу болду. Чогулушту борбордун башкы директору устаз Мухамед Айде жана директордун орун басары Улан Асанов ачып берип, ата-энелерге өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин билдирип, балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүшү үчүн мектеп, борбор менен дайыма байланышта болууга чакырды.

Андан соң балдардын окуудагы эң жакшы жетишкендиктери жана адептүү тарбиясы үчүн Мухамед Айде өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан ата-энелерге ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды тапшырды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1265
Көп окулду
×