Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук Улукбек музыкант болуп жүрүп, тамада болууну өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Саз айылынын 26 жаштагы тургуну Сапарбек уулу Улукбек тамада болуп, тойлордо элге кызмат кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1-класстан 4-класска чейин Талас облусунун Орто-Арык айылында таятасынын колунда чоңойгон. Буга чейин радиодо алып баруучу болуп иштеген. Чыгармачылыкта жүрүп, 1 тасмага, 4 клипке тартылды.

«Тамадалыкты биринчи жолу 2011-жылы кафеде музыкант болуп иштеп жүргөндө баштадым. Ал учурда тамада болуп иштеп калам деп ойлочу эмесмин. Музыкант болуп иштеп жүргөн кафенин ээси телефон чалып, "анча-мынча сүйлөйсүң го, бүгүн бешик той бар 2-3 миң сом берет, тамада болуп берип койчу" дегенинен макул болгом. Досум музыкант, мен тойду баштадым. Той ээлерине микрофонду берсем "арты жакшылык болсун деп той берип жатабыз, ыйлагандан башка эмне кылабыз" деп баштады. Элдин баары ыйлады, менин чый-пыйым чыгып эмне кыларымды билбейм. Көрсө кичинекей баланын атасынын каза болгонуна аз эле убакыт болуптур. "Экинчи микрофон кармабайм, той алып барбайм" деген коркуу сезим менен досумду кайра-кайра ырдатып жатам. Эмне деп сүйлөрүмдү билбей "дагы ырда" деп коем. Ошентип биринчи тойду аягына чыгарганбыз.

Алдыга койгон максаттар көп. Буйруса теледолбоорлор менен иштегенге аракет кылабыз», - деди ал.

Тамада жубайы Канышай экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×