Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Сокулукта турак үй өрттөнүп, ээси көз жумду

Turmush -  Чүйдүн Сокулук районундагы Камышановка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөнүп, куткаруучулар адамдын жансыз денесин табышты.

ӨКМдин маалыматы боюнча, маркумдун өздүгү такталып, үйдүн ээси – 1956-жылы туулган О.В.Д. экени белгилүү болду. Өрт учурунда жыгач устундуу үйдүн чатыры жана шыбы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×