Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Сокулукта той-аштардагы ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Сокулук районунда той-аштардагы ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, той-аштарда болгон ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айыл өкмөтүндө башталып, ал учурда райондук деңгээлде колдоого ээ болду.

«Сокулук районундагы Асылбаш айыл өкмөтүндө ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүрүп, айыл аксакалдары бул ишти Сокулук районуна жайылтуу аракеттерин башташты. Чүй облустук казыяты, имамдар, аалымдар жана президенттин алдындагы "Ыйман" фондунун жетекчиси Н.Кадырбеков менен чогуу Сокулукка барып, райондун аксакалдары, аялдар кеңеши, аксакалдар соту жана жаштар болуп ойлорду ортого салып, кеңештик. Жыйынтыгында ар бир айыл өкмөткө комиссия түзмөй болдук. Ал комиссияга кадыр-барктуу, эл сыйлаган адамдар кошулат. Анда соң комиссия ошол айыл өкмөттө түшүндүрүү ишин жүргүзөт.

Сокулукту тандап алганыбыздын себеби, биринчиден район көп улуттуу жана ички миграция көп жүргөн аймак. Мындайча айтканда кичинекей Кыргызстандын элесин берет. Эгер ушул демилге колдоого алынып, жакшы иштелип кетсе, анда бул бүтүндөй Кыргызстанда да ишке ашат. Муну менен эле чектелип калбастан бул маселе боюнча мыйзамдарды же токтомдорду, жоболорду иштеп чыгышыбыз керек. Мисалы, бир киши каза болсо, ал бир тартип менен жерге берилиши керек же той болсо, ал дагы бир тартип менен өтүшү керек деген бир расмий аракет даярдалышы керек», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1406
Көп окулду
×