Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 19.01.2018 14:05

Сокулукта ири өлчөмдөгү баңгизат менен 30 жаштагы тургун кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында 30 жаштагы тургун баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдөн билдиришкендей, ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бир нече шектүү жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. 17-январь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир үйдүн жанынан 30 жаштагы Р.К. аттуу жаран кармалып, андан 1 кг 870 грамм салмактагы гашиш табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Р.К. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, баңгизаттын негизги бөлүгү таанышынын үйүндө экендиги тууралуу өз көрсөтмөсүндө билдирген. Кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Сокулук районунда жайгашкан үйдүн кампасынан ачык күрөң түстөгү кутуча табылган. Анын ичинен баштыкка салынган капта 24 майда кутучаларга бөлүнүп, скочтолгон гашиш баңгизаты табылып, жалпы салмагы 14 килограммды түзгөн. Алынган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы 16 килограмм 450 граммды түздү.

Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×