Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Опера ырчысы Т.Рысалиев келишим менен Казакстанга барып ырдап турат (фото)

Turmush -  Опера ырчысы Токтогул Рысалиев учурда «Арашан» фольклордук ансамблин жетектейт. Ал чыгармачылыкка жаштайынан аралашып, бир топ ийгиликтерди жараткан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Токтогул Рысалиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар айылында 1973-жылы 4-февралда төрөлгөн. 1981-жылы Күн-Туу айылындагы орто мектепке барып, анда 1991-жылга чейин окуп, андан соң Бегималы Жамгырчинов атындагы орто мектепте окуган. Мектепти бүткөн соң, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык окууга тапшырган.

«Устатым КРдин эл артисти Улукмырза Полотов болгон. Андан кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, ал жакта дагы У.Полотовдон окугам. Бул окуу жайды аяктагандан кийин Муратбек Бегалиев мени Ленинградга окууга жиберди. Ал жактан И.Маринский атындагы театрда тажрыйба топтоо үчүн иштеп калдым. Кыргызстанга келгенден кийин А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эмгектендим. Ал эми «Арашан» фольклордук ансамблинде консерваторияда окуп жүргөндө эле иштегем. Учурда бул топту бир жылдан бери жетектеп келем», - деди ал.

Токтогул Рысалиев 1998-жылы президенттик стипендиянын стипендианты, 2004-жылы Казакстанда өткөн «Романсия» сынагынын дипломанты болуп, 2007-жылы Казакстанда өткөн фестивалда «Алтын көпүрө» сыйлыгын жеңип келген.

«Казакстан менен келишим аркылуу иштейм жана чоң концерттерге чакырып турушат. 2012-жылы маданияттын мыкты кызматкери наамын беришти. Бул жашоодо жалганчылыктан, адамгерчиликтен кеткенден, кошоматчылыктан, абийирин саткандардан корком», - деди ал.

Опера ырчысы үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 2 уулдун атасы.

«Кичүү балам Атай бир жарым жашта. Жубайым Жылдыз фармацевтика тармагын бүтүргөн. Дарыканалардын биринде иштейт. Жылдыз экөөбүздүн таанышканыбыз башкача болгон. Экөөбүз кечинде таанышып, эртеси ала качып кеткем. Ошондон бери бирге түтүн булатып, чогуу жашап келе жатканыбызга 17 жыл болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 643
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×