Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: У.Токталиев тарбиялаган балдар эр таймаш боюнча дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратууда (фото)

Turmush -  Урмат Токталиев 1983-жылы Сокулук районуна караштуу Шалта айылында төрөлгөн. 1995-жылдан бери спорт менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Урмат Токталиев жакында эле Сокулук районунун «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамын алган.

«Эр таймаш боюнча 3 окуучум дүйнөлүк чемпионатка катышып, экөө коло медалдын ээлери болушту. Мындан тышкары алар Кыргызстанда өткөн мелдештерде көптөгөн байгеге ээ болушкан. Өлкө башчысынын кубогунда тайпабыз менен 2-орунду алдык. Ошонун негизинде Сокулук районундагы «Жылдын мыкты машыктыруучусу – 2017» наамына ээ болдум. Мен окуучуларыма «ар бир машыгуу – бул алдыга кадам, ал эми ар бир машыгууну калтырган – бул артка эки кадам» деп орус элинин жакшы сөзүн айтып келем. Мен окуучуларым менен сыймыктанам. Кудай буюрса келечек алдыда.

Өзүм 1995-жылдан бери кикбоксинг, ушу-саньда, эр таймаш менен машыгып келем. 2001-жылы кикбокс боюнча спорттун чебери, 2002-жылы эр таймаш боюнча спорттун чебери, 2012-жылы «Кыргызстандын мыкты машыктыруучусу» жана ушул эле жылы «Сокулук районунун мыкты машыктыруучусу» наамын жеӊип алгам», - деди ал.

Урмат Токталиев 2005-жылдан бери спортчуларды кикбоксинг, ушу-саньда жана эр таймаш боюнча машыктырып келет.

«Ушул жылдар ичинде 4 окуучум эр таймаш боюнча дүйнөлүк мелдеште коло, 3 окуучум Азия чемпионатына катышып, экөөсү 2 күмүш алышты. Ал эми, 7 окуучум спорттун чебери болушту. Бул ийгиликтерге жеткен жаштардын көбү Шалта айылынан болушат. Келечекте дүйнө чемпиондорун машыктырып чыгарсам деген тилегим бар. Өзүм кезинде көптөгөн мелдештерге чыккам. Санын деле унутуп калыптырмын. Болжол менен 50гө жакын медалдарым бар», - деди ал.

Машыктыруучу үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

«Айкен, Арууке, Аэлита аттуу 3 кызым бар. Өзүм 2 бир туугандын улуусумун. Мен Сокулуктагы мектеп-лицейди 2000-жылы аяктап, 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөм», - деди машыктыруучу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2255
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×