Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 16.01.2018 15:06

Сокулуктун Жаңы-Жер айылында таштанды тазалаган муниципалдык ишкана түзүлдү (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө «Таза айыл, таза суу» муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Аталган ишкана 2018-жылдын 1-январынан баштап ишмердигин күчөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, Жаңы-Жер айылынын бардык көчөлөрүн кыдырып, таштандылардан тазалоо иши түзүлгөн график менен активдүү жүрүп жатат. Акыркы түндө жааган карды тазалоо жана ички жолдорго туз аралашкан кум чачуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

«Жаңы-Жер айылы чоң айыл. Айыл аймакка 5 айыл карайт. Жакында башка айылдарга да «Таза айыл, таза суу» муниципалдык ишканасынын кызматын киргизебиз. Акыр-чикир үчүн тургундар айына 20 сом төлөсө, таза сууга айына 25 сом төлөшөт. Аталган ишканада айылдын эле тургундары иштейт. Ага жалпы он жумушчу орун түзүлдү. Суу, акыр-чикирдин акысы үчүн электр энергиясынын дүмүрчөгү баргандай, ар бир үйгө дүмүрчөк жеткирилип берилет. Ошондо тургундарда жоопкерчилик пайда болот деген ойдобуз», - деди ал.

Аталган айылда 7 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×