Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 16.01.2018 12:43 На русском

Дача СУдагы учак кырсыгында каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду

Turmush -  Бүгүн, 16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылында учак кырсыгында каза болгондордун арбагына багышталып куран окутулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары Улан Садалиев, «Манас» аэропортунун кызматкерлери, айыл тургундары жана учак кырсыгынан жабыркагандар катышты.

Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар эле. Каза болгондордун эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүтүндөй үй-бүлөсүнөн айрылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

17.01.2017Учак кулаган айылда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат
17.01.2017Дача-Сууда учактын кыйрашынан Байыш аттуу адам үй-бүлөсү менен набыт болду, - кошуналары
16.01.2017Учактын кыйрашынан адамдардын каза болушуна байланыштуу Грузиянын президенти Г.Маргвелашвили көңүл айтты
16.01.2017Дача-Сууга учак кулаган учурда 3 жаштагы Азизаны таажездеси куткарып калды (фото)
16.01.2017Учактын кыйрашынан жабыр тарткандарга калктан жардам кабыл алуу пункттары уюштурулду
16.01.2017«Манас» аэропортуна жакын жерден кулаган жүк ташуучу учактагы экипаждын мүчөлөрү
16.01.2017Учак кулаган жерде мародерчулук фактылары болду , - Сокулук РИИБ
16.01.2017Дача-Сууда жүк ташуучу учактын кыйрашынын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү (курамы)
16.01.2017Дача-Сууда учактын кулашынан улам кээ бир үй-бүлөлөр тегиз курман болушту, - күбө
16.01.2017Учак кулаган жерден 7 адамдын дене мүчөлөрү табылды
16.01.2017Дача-Сууда учактын кыйрашынан каза болгондордун саны 35 адамга жетти
16.01.2017Премьер-министр жүк ташуучу учак кыйраган жерге барды
16.01.2017«Манас» аэропортуна жакын жерде кулаган учак 60га жакын үйдү талкалап кетти, - күбөлөр
16.01.2017Видео - Дача-Сууда учак кулаган жерден тартылган сүрөттөр
16.01.2017Дача-Сууда кулап түшкөн учак «Turkish Airlines» компаниясына тиешелүү болгон
16.01.2017«Манас» аэропортунан алыс эмес жерден учак кулады
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×