Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

«Жеңеке»: С.Мамбетмусаева жигитин үй-бүлөсүнө тааныштырганда жездеси ыңгайсыз абалга калтырган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук маданият бɵлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетмусаева бир топ кызматтарда эмгектенип, мамлекеттик сыйлыктардын ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жездесине жигитин тааныштырган учурда ыңгайсыз абалда калган.

«Жолдошум менен дос кызымдын туулган күнүндө таанышканбыз. Ошондон 2 жылдан кийин баш коштук. Жигитимди туугандарым менен тааныштырайын деп эжем менен жездемдин үйүнө алып бардым. Жолдошумду эжем билчү. Ал жездеме «үйгө конок келди, Салтанат күйөөгө тиет экен, биз менен тааныштырганы жатат» десе, жездем «аны кайсы жинди алганы жатыптыр?» деп үйдү жаңыртып тамашаласа менин ачуум келип, жолдошум болсо мыйыгынан күлүп жиберди», - деди каарманыбыз.

Салтанат Мамбетмусаева 1983-1993-жылдары Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Н.Yсөналиев атындагы орто мектебинен билим алып, 1993-1997-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Андан соң 2000-2002-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен билим алган.

Ал эмгек жолун Люксембург айылындагы Я.Я. Ваккер атындагы орто мектебинде немис тилчи мугалим болуп баштаган. 1999-жылдан 2002-жылга чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Чет тилдери жана компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоо окуу борборунда катчы-референт, окутуучу болуп иштеген. 2000-2007-жылдар аралыгында Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясына караштуу мекемесинин администратору, кеңсе-менеджери болуп иштесе, 2008-жылдын январь-июнь айларында Саясий документациялардын Борбордук мамлекеттик архивинин инженер-программисти болуп эмгектенген. Ошол эле 2008-жылдын июль айынан баштап 2016-жылдын октябрь айына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде башкы адис болуп, 2016-жылдан азыркы күнгѳ чейин Ысык-Ата райондук маданият бɵлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

Салтанат айым үзүрлүү эмгектеринин арты менен бир топ мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Мисалы, президенттин администрациясынын, Башкаруу академиясынын ардак грамотасы, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ардак грамотасы жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Мамлекеттик кадр кызматынын грамотасы менен сыйланып, Күлүйпа Кондучалова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты, ошондой эле Кыргызстан аялдар конгрессинин грамотасына татыктуу болгон. Мындан тышкары анын мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектордук чини бар. Учурда Салтанат айым эки баланын бактылуу апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×