Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктун мыкты мугалими Г.Исраилова Антальяга бир жумага эс алууга барып келген (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылынын 52 жаштагы тургуну Гүлайым Исраилова 19 жылдан бери бир мектепте географиядан сабак берип келет. Ал жетишкен ийгиликтери үчүн Түркиянын Анталья курорттук шаарына бир жумага эс алууга барып келген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«1974-жылы мектеп босогосун аттап, 1984-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ал жылы ооруп калып, кийинки жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география факультетине тапшырдым. Аны ийгиликтүүаяктап, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу дароо иштей алган жокмун. Мугалимдик кесипти эмнегедир мектепте окуп жүргөндө эле жакшы көрүп баштадым. География сабагын окуткан эжейимдин таасири тийди окшойт.

1999-жылы Ч.Айтматов атындагы билим берүү комплексине келип, мугалимдик кесибимди аркалап, ушул күнгө чейин аталган мектепте эмгектенип келем. Билим берүү тармагында иштегениме жалпы 19 жыл болду. Албетте, өз кесибим өзүмө жагат. Турмушта оор кыйынчылыктар болуп калганда, маанайым жок кезде ушул мектепке келип, балдарга сабак өтүп баштаганда анын баарын унутуп калам. Кесибим мага күч кубат берип турат десем жаңылышпайм», - деди ал.

Сокулук районунун «Жылдын мыкты мугалими» наамына ээ болгон мугалим 2015-жылы үзүрлүү эмгеги үчүн айыл өкмөт тарабынан Түркияга барып келген.

«Түркиянын Анталья курорттук шаарына бир жумага бекер эс алуу сертификатына ээ болуп, барып келдим. Бул иш-чараны 2015-жылдан тарта Новопавловка айыл өкмөтү уюштуруп келе жатат.

Быйыл Сокулук районунун «Жылдын мыкты мугалими» наамына татыдым. Мындан сырткары Билим берүү министрлигинин, райондук администрациясынын, айыл өкмөттүн жана мектептин ардак грамоталары менен сыйланып келе жатам. Менден билим алган окуучуларымдын көбү өз кесибин туура таап, ийгиликтерди жаратып жатышат. Маселен, 2011-2012-окуу жылында олимпиадада география сабагынан биринчи орунду алган Алмаз аттуу окуучум өз күчү менен Туризм академиясына тапшырып, ийгиликтүү окуп бүттү. 2014-2015-окуу жылындагы олимпиададан 1-орунду алган дагы бир окуучу кызым Кыргыз-түрк «Манас» университетине өз күчү менен өтүп, ийгиликтүү окуп жатат. Быйыл дагы олимпиададан 1-орунду алган Алыкулов Зейнеп менин жолумду жолдойм деп, жогорку окуу жайлардын бирине ийгиликтүү өтүп, окуп жатат», - деди ал.

Гүлайым Исраилова 1966-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында төрөлгөн.

«Келечекке максаттарым көп. Эң негизгиси чыгармачылыгымды өнүктүрүп, окуучуларыма жакшы билим берсем, тажрыйбаларым менен бөлүшсөм жана сабактын пландары боюнча китеп чыгарсам деген ой-тилектерим бар. Мектепте табигый илимдер боюнча метод башчысы болуп да эмгектенем. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, жолдошум сүрөтчү. Ал Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайын бүткөн. Экөөбүздүн 1 уул, 3 кызыбыз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1556
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×