Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Айыл турмушу: Биолог А.Жаныбаева балдарга сабак өтөм деп, бака менен кайын атасын коркуткан (фото)

Turmush -  Асылгүл Жаныбаева 1965-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Ал билим берүү тармагында 27 жыл эмгектенип, көптөгөн ардак баракчалар менен сыйланды. Сокулук районунун «Жылдын мыкты мугалими» наамына да ээ болгон. Мыкты мугалим аймактык кабарчыга өмүр таржымалы, билим берүүгө болгон ынтызарлыгы жана кызыктуу окуялары тууралуу айтып берди.

- Асылгүл айым, сиз тоолуу аймактан окуп келип, шаардык окуучуларга биология сабагынан орус тилинен берүү оор болгон жокпу? Ошол кездеги мектепте иштеген элеттик мугалимдердин сабаттуулугу кандай эле?

- Мен төрөлгөн жылдары ата-энем студент болгондугуна байланыштуу мени таенем багып алган экен. Алар Жумгалдын Таш-Төбө деген айылында турушчу. Эки айлыгымдан баштап аталган айылда өстүм. Ошол Таш-Төбө айылындагы кичинекей мектепте билим алдым. Ал убакта мага чоң мектеп болуп сезилчү. Азыр ал эски мектептин ордуна эки кабаттуу заманбап мектеп салынып жатыптыр. Угуп алып аябай сүйүндүм. Азыр ойлоп көрсөм, ошондо мени билими күчтүү мугалимдер окуткан экен. Зинайыда Семенова деген эжейим орус тилден сабак берчү. Ал өзү Россиянын Москва шаарынан болот.

З.Семенова айылга өндүрүштүк практикага барып, айылдагы Асанбек деген байкебизге турмушка чыгып, ошол жерде калып калган. Ал эжебиз 80 жаштан өтүп каза болду. Бизге орус тилинен эң сонун сабак өткөн экен деп калдым. Мен шаарга окууга келгенде кыйналбай, кийин институтту бүткөндөн кийин орус класстарга сабакты камчы салдырбай эле берип кеттим. Мындан сырткары англис тилинен Шааркан деген эжебиз берер эле. Абдан жакшы берчү. Азыр англис тилинде жаза алгандыгыма кубанам. Ушундай кооз жазганга үйрөтөр эле. Мен ошол Таш-Төбө айылында 9-класска чейин окуп, андан соң турмуш шартка байланыштуу Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектебине кирип, аны 1983-жылы окуп бүтүрдүм. Ошол эле жылы Фрунзе келип, Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия жана биология факультетине тапшырдым. Мектептеги Зинайыда Семенова эжейимдин мыктылыгынан орус тилин жакшы билчүмүн. Бирок 1-курста негедир сүйлөгөндөн уяла берчүмүн.

Ошол институтта сабак берген Галина Павловна деген эжейим орус тилинен сынак алып жаткан. Мага билетте бир курт-кумурсканын түрү келип калды. Сүрөттөрүн көрсөтүп, жакшылап түшүндүргөнгө аракет кылып жаттым. Эжейим түшүнбөй калбасын деп, колум менен жаңсап, ал курт-кумурсканын кыймылын туурап жиберсем, мактап-жактап «5» коюп берди. Ошондон кийин орус тилине ыктап, биологияны толук орус тилинде окуй баштадым. Кийин дагы бул абдан жардам берди. Турмушка Панфилов районуна чыктым. Анда 1988-жылы болчу. Барсам, кыргыз мектептер аз жана орун жок экен. Мындан улам райондук билим берүү бөлүмүнөн «сен эми орус мектепке барасың» деп калышты. «Мен кыргыз мектепти аяктагам. Орус тилинен кантип сабак берем?» десем, «сен мени менен орус тилинде сүйлөшүп жатпайсыңбы? Ушундай эле сабак бересиң» деп орус мектепке киргизишти. Ушундан улам эле элеттеги мугалимдердин күчүн эми билсең болот.

- Студенттик кезде кандай кызыктуу окуялар болду?

- Студент кезде «стройотряд» деген бар болчу. Ошол «стройотрядда» Аламүдүн районундагы Совхоз Ала-Тоо мектебине барып, ичин шыбап берип, ошол жерден жүзүм, алма терер элек. Азыр ойлосом, ошонун баары тең турмуштук сабак болгон экен. Студент кезден баштап эле активист болуп, фестиваль, сынактарга катышып жүрдүм. Мындан тышкары жогорку комсомолдук мектептин кечки бөлүмүн да бүтүргөм. Ал жерден турмушка кадимкидей даярдаган. Дикторлор кандай сүйлөш керек, элге кандай мамиле кылыш керек экенин, алдыңкы психологдор ар кандай аң-сезимдик ыкмаларды үйрөтүшкөн. Азыркы чоңдор мындай мектепти бүтпөй, өз ордун билбей эле, сөзүнөн жаңылып, элге, жамаатка батпай калып жатат. Ал убакта ар бир кесипкөйдү ошол бала кезинен баштап тарбиялай баштаган. Союздун кадрды даярдоо системасы абдан жакшы болчу.

- Мугалимдик кесипти эмне себептен тандап калдыңыз?

- Мидин Алыбаев атындагы орто мектепте кыргыз тилинен берген эжейимдин кеп-кеңеши түрткү болду. Бир жолу Алыкул Осмоновдун жалгыз кызын барып көмгөнүн, чачын кыркып алгандыгысын образга салып айтып берип жатсам, классташтарым кол чаап жиберишкен. «Сен мугалим болушуң керек» деп эжей ошондо мени карап айтып калды. Мен болсо юрист же агроном болсом дечү элем. Үй-бүлөлүк кеңешмеде да мугалимдик кесип боюнча талкуу жүрдү. Менин улуу таежем 45 жыл спорт мектепте тарых мугалими болуп эмгектенген. Ошол киши «химия, биология факультетине тапшыр, эгер мугалим болгуң келбесе, бул факультеттин көп тармагы бар» деди. Ошенитп экзамен берип, аталган факультетке өтүп кеттим.

- Сизден бүткөн окуучулар кандай ийгиликтерге жетишип келүүдө?

- Окуучуларымдын көбү дарыгер болуп кетишти. Жакшы хирург болуп иштеп жаткандары бар. Алды Германияга чейин тиш догдур болуп иштеп кетти. Буларга окшогон окуучуларым абдан көп. Окуучуларымдын жашоодо өз ордун таап алгандыгына абдан чоң маани берем. Ошого багыт бергенге аракет кылам. Окуучу бир сабактан начар болсо, калган сабактын баарынан начар деген туура эмес. Ал балким өз жолун, өз кесибин таппай жатат. Аны байкап, ага багыт бериш керек. Өткөндө бир окуучум тойдо келип кучактап калды. Ал баланын атасы да, энеси да каза болуп калган. Жашоодо абдан жакшы орун алып калыптыр. Курулуш компанияда бригадир экен. «Улуу кызым Москвада медициналык училищада окуйт эже. Менде убагында шартым болбосо да, кызымды окутуп жатам» деди. Аны көрүп аябай сүйүндүм.

- Балдарга билим берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

- Мектепке жаңы келип иштеп жүргөндө эле азыркы стандартсыз деген сабакты баштаган экем. Анткени, мен көбүнчө сабакты практика жүзүндө көрсөтүп берүүнү жакшы көрөм. Мисалы, бака жөнүндө сабак өтсөм, тирүү бака алып келип, эмнеси бар, эмнеси жок экенин көрсөтүп берем. Тамырды өтсөк, гүлдүн тамырын үзө келип же болбосо окуучуларды эшикке, бактын жанына отургузуп алып окутканды жакшы көрөм. Ошондо бир окуя эстен кетпейт. Анда жаңы келген келинмин. Бакаларды банкага салып, үстүн чүпөрөк менен жаап, үйгө коюп койдум. Эртеси күнү мектепке алып кетмекмин. Үйгө кайын атам келип, банканы байкабай ачып алып аябай чочуду. «Ыргыткыла, жоготкула» деп кыйкырды. Көрсө ал киши бакадан аябай жиркенип, коркот экен. «Ата мен эртең муну менен сабак өтөм» десем, анда «колуңду жуу» деп менден аябай сураган.

Азыркы иштеген Давха-Сокулук орто мектебинде Нурдин деген окуучу балам бар. 9-класс окуп калды. Аларга 7-класста «сөөлжандар суук болордун алдын жерге терең кирип кетет, жумурткаларын таштайт» деп өтүп жатсам, ошол балам «тереңдигин 40 см, туурасын 50 см каздым, мынча сөөлжан чыкты» деп, схемасынан бери чиймелеп алып көрсөтүп берди. Ал гана эмес мурдагы жылдары «эжей былтыр сөөлжандар 20 см аралыктан эле чыккан болчу, быйыл ноябрда 30 сантиметрден чыкты, демек кыш дагы жылуу болот» деди. Айткандай эле жылуу болгон. Ал жылда аба-ырайын ушул көрүнүш менен байкап жүрөт. Өзүнчө дептер ачып алган. Ошого жылда жазат. Курт-кумурскаларга байкоо жүргүзүп да жүрөт. Мен ошонусуна кубанып жакшы баа коем. А, башка мугалимдер сабактардан начар окуйт, сиз ага эмнеге «5» коюп жатасыз дешет. Мен анын ушундай жөндөмүн айтып түшүндүрөм. «Келечекте ким болосуң десем, тиш догдур болом» дейт. Анда мен «ветеринардык дарыгер бол. Малдын оорусу айыкмайын, адам баласы ооруй берет» дегем. Кийин ойлонуп, бул сунушума макул болду.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз. Балдарыңыздан сиздин жолду жолдогондор барбы?

- Үч балам бар. Улуусу Нурадил Дубайда котормочу болуп, чоң компанияда иштейт. Андан кийинки кызым Маданият министрлигинде иштейт. Экөө тең И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин кызыл диплом менен бүтүшкөн. Андан кичүү балам 7-класста окуйт. Булар тукуму менен башка тилди тез үйрөнүшөт. Уулум кыргыз, орус тилинен башка 5 тилди билет. Анын ичинен англис тилинде эркин сүйлөйт. Кызым дагы англис, италян тилин жакшы билет. Кичүү уулум англис жана араб тилин окуп жатат. Чоң кайын атам Каратай Сартпаев деген киши И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасында иштечү. Кемпири да кыргыз тилчи. Ошол чоң атабыздын небересинин азыр Англияда өзүнүн лабораториясы бар. Дүйнө жүзүндө мыкты 5 химик болсо, ошонун бири ошол небереси болот.

- Келечектеги максаттарыңыз.

- Келечекте ушул иштеген мектепке күнөскана курсам деп максат коюп жүрөм. Гүлдөр менен катар жашылчаларды өстүрүп, ага окуучуларды катыштырып, бир жагынан эмгекке үндөп, бир жагынан сабагымды практика жүзүндө өтсөм дейм. Андан түшкөн пайданы, таза экологиялык жашылчаларды мектептин ашканасына колдонсок кандай жакшы болмок. Бул күнөскана боюнча ал тургай айыл чарба академиясына барып окуп, сертификат да алгам, бирок колдогон демөөрчү жок болуп жатат. Мындан бөлөк ушул сыяктуу көптөгөн максат-ойлор бар, анын баарына акырындан жетебиз деп ишенем.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3007
Көп окулду
×