«Спорттун дзюдо түрү менен 1-класстан бери машыгып келем. Атам машыктыруучу болгондуктан кичинекей кезден спортту тез түшүндүм. Атамды ээрчип мелдештерге, машыгуу залына бара берчүмүн. Ал жактан машыккан балдарды көрүп, кызыгып кеттим. 1-класстан 7-класска чейин Белек айылындагы А.Куттубаев атындагы мектепте окугам жана ошол жерде машыккам. Кийин 8-класстан баштап Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайына тапшырдым. Азыр ошол жерде 10-класста окуйм. Дзюдо боюнча спорт чеберине талапкермин. 2017-жылы «Чүйдүн мыкты спортчусу» наамын алгам. Спорттун арты менен Казакстандын көптөгөн шаарларында, Россия жана Япония мамлекеттеринде болдум. Келечекте Азиянын, дүйнөнүн жана олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болсом деп тилек кылам», - деди ал.
Чынгыз Сагыналиев Сокулук районуна караштуу Белек айылында 2002-жылы төрөлгөн.
«Атам Мелис Сагыналиев машыктыруучу болсо, апам Замира Сагыналиева маданият кызматкери. Өзүм үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин. Айперим эжем Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында окуйт, иним Даниэль 5-класс болсо, карындашым Адия 4 жашта», - деди ал.