Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: Маданияттын мыкты кызматкери А.Шаимкулова кайненесине колун бооруна албай жүгүнүп, күлкүгѳ калган (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 39 жаштагы тургуну, маданияттын мыкты кызматкери Анара Шаимкулова кайненесине алгачкы жолу колун бооруна албай жүгүнүп, күлкүгѳ калган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анара Шаимкулова чыгармачылыкка студент кезинен аралашып, эмгегинин үзүрү менен көп ийгиликтерге жетишти.

«Жаңы турмушка чыкканда бир кызык окуяга туш болгом. Кайненемди биринчи көргөндө колумду боорума албай жүгүнүп күлкүгө калгам. Негизи эле кыймылым бир аз башкача болчу. Чай сунуп жатып чыныларды калдыратып жиберчүмүн», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен 13 жылдан бери чогуу жашап, 2 уул, 1 кыздуу болушту.

«Жолдошум Доктурбек экѳѳбүздү чыгармачылык тааныштырган. Доктурбек ырчы Айбек Каримовдун бир тууган иниси болот. Экѳѳбүз 13 жыл бирге жашап, 2 уул, 1 кызды тарбиялап ѳстүрдүк. Уулум Максат 5-класс, Акназар 4-класста окуса, кызым бала бакчага барат. Жазында 3 жашка чыгабыз. Азыр кызым үйдүн эң эркеси. Кудайга шүгүр, үй-бүлѳбүз менен бактылуубуз. Балдарымдын аттарын нукура кыргызча койгонбуз.

Жашоодо сүйүнгөнүм чыгармачылык жолумду улантып, ошол эле учурда сүйүктүү жар, эне болгонума шүгүр дейм. Коркконум замандын оош-кыйышы. Балдарыбыз бактылуу күндөрдү көрсө дейм», - деди ал.

Анара Шаимкулова 1978-жылы 28-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Март айылында тѳрѳлгѳн. Ал чыгармачылыкта талыкпай эмгектенип, «Маданияттын мыкты кызматкери» тѳш белгиси менен сыйланды. Акыркы 4-5 жылдан бери «Арашан» элдик фольклордук ансамблинде эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1342
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×