Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

«Тагдыр»: 6 баланын энеси Г.Кайкиева 3 жылдан бери жөлөк пул ала албай келет (фото)

Turmush -  Гүлжан Кайкиева 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында тѳрѳлгѳн. Ал жолдошу менен 6 баланы тарбиялап, жетинчисин күтүп жатышат. Жакында эле жаңы жылдык майрамда аз камсыз үй-бүлѳлѳрдү куттуктоо максатында Болот Түркбаев баштаган ашпозчулар белектерин кѳтѳрүнүп, алардын үйүнѳ куттуктап барышкан.

Гүлжан айымдын айтымында, 2014-жылдан бери жөлөк пул ала албай келет.

«Биз жолдошум экѳѳбүз Ак-Ордо жаңы конушуна кѳчүп келгенибизге 4 жыл болуп калды. Ага чейин Жалал-Абадда жашачубуз. Жолдошум ошол эле Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылынан болот. Ал ар кандай кара жумуштарда иштеп, бизди, үй-бүлѳсүн бакканга аракет кылып келет. А, мен мурун тигүүчү болуп иштечүмүн. Азыр үйдѳ балдар менен отурам.

Ѳткѳндѳ ноябрда Казарманга айылга барып, жөлөк пулга документтерди тапшырып келгем. Жакында эле телефон чалып сурасам "документти социалдык фондго ѳткѳрѳ элекпиз" дешти. Биз 2014-жылдан бери жөлөк пул ала элекпиз. Айыл ѳкмѳт "ѳзүм жеткирип коем, сиз бара бериңиз" деген. Андан бери эч кандай каражат бѳлүнѳ элек. Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы №1 орто мектепте 1 уулум, 1 кызым окуйт. Ал жактан деле бизге окшогон кѳп балалуу, аз камсыз үй-бүлѳлѳргѳ жардам болобу деп ойлогонбуз. Бирок андай эмес, эл катары акчаларды берип турабыз. Фондго жана түшкү ысык тамакка деп алышат. Кээде балдарымдын жол киреге акчалары жок, жѳѳ барып окуп келүүгѳ туура келип калат», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×