Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Сокулуктук окуучулар психоневрологиялык интернаттагы балдарга концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Сокулуктук окуучулар Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернаттагы балдарга майрамдык концерт тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тарбиячы Айнура Мекешова билдирди.

«Тарбиячы Эркинбай уулу Абдумутали экѳѳбүз 8-9-класстын окуучулары менен психоневрологиялык интернат үйүнө бардык. Интернаттын директору Светлана Такырбашева өзүнүн эмгек жамааты менен бирге бизди жакшы маанай менен тосуп алышты.

Биздин окуучулар концерттик программа тартуулашты. Андан соң алып барган майрамдык белектер тапшырылды жана директордун жетекчилиги астында балдардын жашаган жерлери, жалпы шарттары менен тааныштык. Бул жерде иштеген кызматкерлерге таазим кылалы. Алар балдарга өтө жакшы кам көрүп карашат экен. Директору биздин администрация жамаатына жана балдарга чоң ыраазычылыгын билдирип, ийгилик каалады», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1394
×