
Turmush - Сокулук районунда жол кырсыгынан 3 адам жабыр тартты, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, жол кырсык 2-январда саат 07:00дөр чамасында Сокулук районунда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ооруканага жеткирилген. Алар:
- 1993-жылы туулган С. уулу М., Сокулук районунун тургуну;
- 1991-жылы туулган С.А., Сокулук районунун тургуну;
- 1991-жылы туулган А.Э., Сокулук айылынын тургуну.
Алар травматология бөлүмүнө жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.