Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

Беловодск айылындагы каракчылык: 2 адамды өлтүрүп, акча, алтындарын тоноп кеткен 3 жигит кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда катталган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-январда саат 04:25тер чамасында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Беловодск айылында куралдуу кол салуу болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринен 69 жаштагы К.М,нын (аял киши) жана анын 45 жаштагы кызы П.И.нын жансыз денелерин табышкан. Аларга ок атылгандыгы аныкталган. Үй ээси – 45 жаштагы П.В. оор жарааттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Кылмыш болгон жерди ИИМдин тергөө-оперативдүү тобунун, Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери карашкан. Ал жерден ок атуучу куралдын 12-калибриндеги октору табылган.

Маалым болгондой, 1-январга караган түнү саат 04:00дөр чамасында беткап кийген белгисиз адамдар тоноо максатында үйгө киришкен. Кылмышкерлер бир нече жолу ок чыгарышкан, анын жыйынтыгында 69 жаштагы аял жана анын кызы октон жараат алып, окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми үйдүн ээси оор жаракат алган.

Кылмышкерлер 100 миң сомдон ашык каражат жана алтын буюмдарды алгандан кийин качып кетишкен. Аталган факт боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 3 адам кармалган. Алар 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., 20 жаштагы Д.К.. Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын тургундары болгон.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган 93 миң сом жана алтын буюмдар табылган. Ошондой эле, ок атуучу курал жана алардын унаасы табылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Москва районунун Беловодск айылындагы үй-бүлөгө белгисиз адамдар ок атуучу курал менен кол салып, 2 аял киши көз жумганы маалымдалган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көз жумган аялдын бири оор абалдагы кишинин кайын энеси болсо, экинчиси – жубайы. Кайын энеси башына тийген октон ошол жерде көз жумган. Ал эми экинчи аял арт жагына тийген октон оор жаракат алган. Ал качып бара жаткан учурда ок атылган деп болжолдонуп жатат.

Жубайлардын эки кызы бар. Жаңы жыл түнү кыздары конокко кетип, алардын бири 2 айлык баласын ата-энесине калтырган. Окуядан кийин наристени туугандары алып кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×