Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Н.Жаныбеков табылды

Turmush -  Сокулук районунда жашаган 57 жаштагы Намас Жаныбеков 2017-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп, жакындары издеп жаткан эле. Бүгүн, 30-декабрда аймактык кабарчыга анын туугандары аман-эсен табылганын билдиришти.

Буга чейин анын жээндери: «Таякебизди кимдир бирөөлөр "биз сага аял алып беребиз" деп алдап иштетиши мүмкүн», - деп айтышкан.

«Сиздердин маалымат сайтка рахмат айтабыз. Turmush сайтынан маалыматты окуп, таякемдин жанында чогуу жүргѳн мал баккан кишилер тиешелүү кызматкерлерге билдиришиптир. Анын негизинде таякебиз табылды. Ал Чүй районунун Кегети айылындагы чабандын малын багышып жүрүптүр. Бизге кабарлайын десе ал жакта телефон байланышы жок экен. Аны издеп жатканыбызды угушкандан кийин төмөн тараптагы айылга алып барып, телефон менен сүйлѳштүрүштү. Таякем аман-эсен жүрүптүр», - деп билдиришти жакындары.

Н.Жаныбеков

Н.Жаныбеков

Издөө иштерин жүргүзүп жаткан жээндери: «Таякемдин үй-бүлѳсү, балдары жок. Кемин районундагы элдин малын багып, чабан болуп иштечү. Ушул жылдын 20-апрелинде Сокулуктун Новопавловка айылындагы туугандарыбыздын үйүнѳн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Кийин август айында телефон аркылуу сүйлѳшсѳк, "Кегети деген айылдамын" деп айткан. Андан кийин телефону ѳчүп, дайыны жок болуп калды. Акыркы күнү үйдѳн кандай кийинип кеткенин эч ким элес албай калыптыр.

Акыл-эсинен жабыр тартпайт. Бирок кичинекей баладай мүнѳзү бар. Бирѳѳлѳр алдап койсо, ишенип жүрѳ берет», - деп билдиришкен.

Намас Жаныбеков 1960-жылы 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда тѳрѳлгѳн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11087
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×