Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Айыл турмушу: 30 жаштагы М.Орозалиев футбол ойноп, ат чабышка күлүктөрдү даярдайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну Манас Орозалиев бала кезинен футбол ойноп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Биримдик-Сокулук» тайпасында ойноп, бир топ ийгиликтерге жетишкен.

«Өзүм буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келгем. Ушул 2017-жылы Сокулук районундагы Крупск айылдык кеңешинин депутаты болуп шайлангам. Ал эми футболду мектеп курактан бери ойноп келем. Мектептин курама тайпасында ойноп жүрүп, кийин «Достук» тайпасында да ойнодум. Учурда жаштарды спортко үндөө жана аларды спортко тартуу максаты менен «Крупск» футбол клубун түздүк. Мындан сырткары «Биримдик-Сокулук» футбол тайпасынын өнүгүп-өсүшүнө өз салымыбызды кошуп жатабыз. Ошондой эле, райондогу самбонун өнүгүшүнө жардам берип, ат чабыштарга күлүктөрдү даярдайм. Келечекте көптөгөн максаттарыбыз бар. Кудай буюрса аларды ишке ашыруу үчүн талыкпай эмгектенип жатабыз.

Сокулук айылындагы №2 орто мектебинде окуп, Бишкек шаарындагы Кыргыз-казак университетинин юридика факультетинде билим алгам», - деди ал.

Манас Орозалиев мындан сырткары улак тартышка, лыжа тебүүгө катышып, бильярд оюнун да өздөштүргөн.

«Кара-Балта шаарында өткөн бильярд мелдешине катышып, 3 райондун ичинен 1-орунду жеңип алгам», - деди ал.

Манас Орозалиев 1987-жылы Сокулук районунун Сокулук айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1183
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×