Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук ооз комузчу Зымырат апа жаңы жылдык көрсөтүүгө тартылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылынын 68 жаштагы тургуну Зымырат Каленова менен жолдошунун баш кошкондугуна быйыл 50 жылдын жүзү болду. Алардын учурда 4 кыз, 2 уул, 17 небереси жана 2 чѳбѳрѳсү бар. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Зымырат апа 33 жылдык ѳмүрүн билим берүү тармагына арнаган.

«Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1967-жылы аяктап, ушул жылы эле ѳзүмдүн кичи мекеним Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылындагы Кызыл-Байрак орто мектебине мугалим болуп иштеп баштагам. Андан кийин ушул эле айылдагы бала бакчаны 1977-жылдан 1980-жылга чейин жетектеп, 1980-жылдан 1985-жылга чейин кайра аталган мектептин директору болуп эмгектендим. Андан соң мектеп-интернатта тарбиячы болуп иштеп, 2000-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылына кѳчүп келдик. Кѳчүп келгенден бери Гавриловка айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери менен тыгыз байланышып, айылдагы ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келем.

Ѳзүм мурун мектепте иштеп жүргѳндѳ эле талантым менен район, облус аралык мугалимдер арасындагы кароо-сынактарга катышып, республикалык мелдештерге чейин барып жүргѳнбүз. Быйылкы жылдан баштап, айылдагы шайыр апалар тобуна кошулуп, ооз комуз чертип жүрөм. Жакында эле жаңы жылдык көрсөтүүгө тартылуу үчүн сынак жарыяланып, андан ѳтүп кеттим. Сокулуктан да башка апалар ѳтүштү. Ѳзүм 3 жылдан бери айылдагы аксакалдар сотунун мүчѳсүмүн», - деди ал.

Зымырат Каленова 1949-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл ѳкмѳтүндѳ тѳрѳлгѳн.

«Жолдошум Сагындык Кадырбеков Ош облусунун Ѳзгѳн районунда 1941-жылы тѳрѳлгѳн. Ал кезинде колхоздо эмгектенген. Экѳѳбүз 50 жыл бирге түтүн булатып, 4 кыз, 2 уул, 17 небере жана 2 чѳбѳрѳлүү болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×