Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Айыл турмушу: Электр тармагында иштеген Анарбекова ысымы эмне үчүн Аманат коюлгандыгын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 29 жаштагы тургуну Аманат Анарбекова Сокулук РЭСинде 8 жылдан бери эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Нарын облусунун Достук шаарчасында туулуп, ушул жерде ѳстүм. Ѳзүм үй-бүлѳдѳ 5 бир туугандын эң кенжесимин. Эки эжем жана эки агам бар. Тилекке каршы мен атамды көрбөй калгам. Ошондуктан туугандарым атадан калган аманат деп атымды Аманат коюшуптур.

Достук орто мектебинде 9-класска чейин билим алгам. Учурдан пайдаланып мугалимдериме алкыш айткым келет. Аларга миң мертебе ыраазымын. Андан кийин Эл аралык университеттин техникалык колледжинин электр тармактары боюнча орто кесиптик билимин алгам. 2009-жылы ал жерди кызыл диплом менен аяктагандан кийин Сокулук РЭСине кирип, ушул мезгилге чейин эмгектенип келем. Алгач телефондо оператор болсом, азыр Инженер-техникалык бөлүмүндө эмгектенем. Быйыл Нарын мамлекеттик университетинин энергетика тармагында окуп, диплом алдым», - деди ал.

Аманат Анарбекова Нарын районуна караштуу Достук шаарчасында 1988-жылы төрөлгѳн.

«Жолдошум мени ошол Сокулук РЭСине практикага келгенде ала качып кеткен. Учурда ортобузда 3 кызыбыз бар. Улуусу 5 жашка, ортончусу 3 жашка чыкса, кичүүсүнѳ 6 ай болду.

Аял — үй-бүлөнүн очогу. Аял бар үй кадимкидей шаңга толуп турат. Жолдошум дагы Сокулук РЭСинде эмгектенет. Келечекте кыздарымды ыймандуу, адептүү кылып тарбиялап, алардын жашоодо ѳз жолдорун таап кетүүсүнө ѳбѳлгѳ болсом дейм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1199
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×