Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 21.12.2017 08:20

Эл ичи — өнөр кенчи: Маданияттын мыкты кызматкери А.Шаимкулованын чыгармачылыктагы ийгилиги (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 39 жаштагы тургуну Анара Шаимкулова 5 жылдан бери «Арашан» элдик фольклордук ансамблинде эмгектенип келет. Ал чыгармачылыкка студент кезинен аралашып, эмгегинин үзүрү менен көп ийгиликтерге жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анара Шаимкулова жакында эле «Маданияттын мыкты кызматкери» тѳш белгиси менен сыйланды.

«1985-жылы мектепке барып, аны 1995-жылы аяктадым. Ошол жылдан 2000-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алып чыктым. Алгачкы чыгармачылык чыйыр жолум студенттик кезде башталып, Арзыбек Бедияров агайыбыздын «Күлгүн жаш» элдик эстрадалык тобунда 3 жылдай эмгектендим. Андан кийин универститетти аяктап, Зымырат Матанбаева деген эжейимдин жардамы менен окуу жайда мугалим болуп калдым. Ошентип университетте 1 жыл сабак берип иштедим. Андан кийин Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияга солист болуп кирип, анда да иштеп жүрдүк. Бир аздан кийин «Азада Бегим» тобу түзүлдү. Анда да эмгектенип жүрүп, ортодо ал топ чачырап кеткенден кийин чоң казанда кайнап, чоң ырчылыр менен иштешем деген ниет менен Бишкек шаарыбызга сапар алдым. Бул жерге келгенден кийин Айбек Карымов агайыбыздын «Айтеңир» тобуна солист болуп иштеп калдым. Андан соң 1 жылдын аралыгында турмушка чыгып, үйдѳ жаш баламды багып, чыгармачылыкка 4-5 жыл аралашпай калдым. Бирок буга ѳкүнбѳйм, эне болуу да ѳзүнчѳ чоң бакыт эмеспи.

5 жылдан бери «Арашан» элдик фольклордук ансамблинде эмгектенип келем. Чыгармачылык сапар менен эки жолу Кытайга, 2004-жылы «Азада Бегим» тобу менен Самаркандда өткөн фестивалга барганбыз. Чыгармачылыкта бир топ жетишкендиктерге жетишип, ар кандай сыйлыктарды алып жүрѳбүз», - деди ал.

Ырчы жолдошу менен гастролдон таанышкан.

«Жолдошумдун аты Доктурбек. Ал элге таанылган ырчы Айбек Каримовдун иниси болот. Жолдошум экѳѳбүздү чыгармачылык тааныштырган. Жалал-Абад облусуна гастролдоп барганда жолдошум сахнанын артына келип, «жакшы ырдайт экенсиз» деп колумду кысып кеткен. Ошондон кийин чогуу иштеп калдык. Кийин жылуу мамилелер уланып, турмуш куруп калдык. Чыгармачылыгыма ѳзгѳчѳ колдоо кѳрсѳтѳт жана түшүнѳт.

Экѳѳбүз 13 жыл бирге жашап, 2 уул, 1 кызды тарбиялап ѳстүрдүк. Уулум Максат 5-класс, Акназар 4-класста окуса, кызым бала бакчага барат. Жазында 3 жашка чыгабыз. Азыр кызым үйдүн эң эркеси. Кудайга шүгүр, үй-бүлѳбүз менен бактылуубуз», - деди ал.

Анара Шаимкулова 1978-жылы 28-январда Жалал-абад облусунун Сузак районуна караштуу Карамарт айылында тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×