Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Чүй

Апрелден бери дайынсыз жоголгон Н.Жаныбеков: «Аял алып беребиз» деп алдап иштетиши мүмкүн, - жээни

Turmush -  Апрелден бери изделип жаткан Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 57 жаштагы тургуну Намас Жаныбековду бирѳѳлѳр «биз сага аял алып беребиз» деп алдап иштетиши мүмкүн. Бул тууралуу анын жакындары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, тууганы Н.Жаныбековдун жаш баладай мүнѳзү бар, мындан улам ал тез алданып калат.

«Таякемдин үй-бүлѳсү, балдары жок. Кемин районундагы элдердин малын багып, чабан болуп иштечү. Ушул жылдын 20-апрелинде Сокулуктун Новопавловка айылындагы туугандарыбыздын үйүнѳн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Кийин август айында телефон аркылуу сүйлѳшсѳк, «Токмоктун Кегети деген айылындамын» деп айткан. Андан кийин эле телефону ѳчүп, дайыны жок болуп калды. Акыркы күнү үйдѳн кандай кийинип кеткенин эч ким элес албай калыптыр.

Акыл-эсинен жабыр тартпайт. Бирок кичинекей баладай мүнѳзү бар. Бирѳѳлѳр алдап койсо, ишенип жүрѳ берет. Балким кимдир бирѳѳлѳр «биз сага аял алып беребиз» деп алдап иштетип жатышат. Учурда милиция кызматкерлерине арыз жазганбыз. Алар издѳѳ иштерин жүргүзүп жатышат», - деди жээндери.

Намас Жаныбеков 1960-жылы 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда тѳрѳлгѳн.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 57 жаштагы тургуну Намас Жаныбеков ушул жылдын 20-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегендигин Чүй ОИИБдин басма кызматы маалымдаган.

Өзгөчө белгилери: бою 158-160 см, чачы жана кашы кара.

Намас Жаныбековду көргөн-билгендер милициянын (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70 номурларына билдире алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6661
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×