Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 20.12.2017 13:10

Спорт менен ширелишкен өмүр: Кыргызстандын 8-жолку чемпиону мушкер Ө.Малабековдун жыл ичиндеги ийгилиги (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын 26 жаштагы тургуну, спортчу Өмүрбек Малабеков жакында Эстонияда грузиялык мушкер менен беттешет. Жаш мушкер учурда машыгуусун Россиянын Санкт-Петербург шаарында улантууда. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өмүрбек Малабеков Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда өткөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып келген. Россияда өткөн Дүйнөлүк кубокто 3-орунду алып, 2013-жылы Иордания өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатында коло медаль менен кайткан. 2016-жылы Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин катышуучусу болгон.

Ал Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылында 1991-жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

- Ѳмүрбек мырза, узап бара жаткан жыл сага кандай ийгиликтерди алып келди?

- Быйылкы жыл мен үчүн ийгиликтүү жыл болду десем жаңылышпайм. Быйыл тажрыйбалуу клуб менен келишим түзүп, 2 беттеш ѳткѳрдүм. Биринчи беттешим белоруссиялык, экинчи беттешим грузиялык мушкерлер менен болду. Эки беттешти тең ийгиликтүү жеңип чыктым. Ошондой эле ѳзүбүздүн ѳлкѳбүздѳ өткөн чемпионатка катышып, Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болууга жетиштим. Учурда Эстониянын Таллин шаарында ѳтѳ турган 3-беттешке даярданып жатам. Машыгуумду Россиянын Санкт-Петербург шаарында улантуудамын.

- Бокс менен машыгып келе жатканыңа канча жыл болду?

- 14 жылдан бери машыгып келем. Башында Таласта айылда жүргөндө машыгып баштаганбыз. Эң алгачкы машыктыруучум Марат Сакеев деген агай болгон. Учурда ал агайым Сокулук районундагы спорт клубунда машыктыруучу болуп эмгектенип жатат. Мен дагы ошол клубда машыгам.

- Өмүрүңдөгү эң бактылуу кѳз ирмемдериң кандай окуялар менен коштолгон?

- Анда мен бокс менен машыгып баштаганыма 2-3 жыл гана болгон. Эски мээлейлер менен машыкчумун. Бир күнү атам менен апам мага бокс мээлейин сатып беришти. Ал кезде мээлей аз болчу. Ошондо биринчи жолу брент фирмадагы кызыл мээлейлерге жеткем. Ушул күн эсимден такыр кетпейт.

Жашоомдо катуу ѳкүнгѳн окуя да болду. 2011-жылы Дүйнѳ чемпионатында 2 жолу беттешти утуп, 3-беттешке чыктым. Андан жеңип чыксам, мен Лондондо ѳтѳ турчу олимпиадага жолдомо алмакмын. Ошондо калыстардын катачылыгынан жеңиш атаандашыма берилген. Бул маалда биздин чоңдор кетип калып, протез жазып, кайра беттеш сураганга эч ким жок жалгыз калгам. Сыртка чыгып аябай ыйлап, катуу ѳкүнгѳм.

- Мыкты спортчу болуш үчүн башкаларга кандай кеңеш берет элең?

- Биринчиден, мыкты спортчу болуш үчүн калоо керек. Экинчиден, аракет жана мээнет. Жалкоо болбош керек. Үчүнчүдөн, убагында эс алып, өз учурунда машыгып жана зыян нерселерден алыс болуу зарыл. Ушул 3 талапты туура, так аткарган адам ийгиликке жетет деп ойлойм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×