Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 19.12.2017 18:37

Айыл турмушу: Спортчу Н.Кобашев сүйүктүүсүнө жолугуу үчүн коңшу айылга 40 мүнөт жөө барчу

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну Нурлан Кобашев 12 жылдан бери бокс менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

«Бокс менен 12 жылдан бери машыгам. Машыктыруучум Марат агай экөөбүз бир айылданбыз. Ал Таластын Көк-Дөбө айылында бокс залын ачып, бала кезимден баштап ошол жакта машыгып баштадым. Ошол мезгилден баштап спортко болгон кызыгуум ойгонду. Бул тармакка келгенден бери бир топ беттештерге катышып, ийгиликтерди багындырдым. Акыркы ийгилигим тууралуу айтсам, 2017-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия биринчилигинде коло медалдын ээси болдум. Мындан тышкары, Кыргызстандын биринчилигинде чемпион болдум. Быйыл Германиянын Гамбург шаарындагы дүйнө чемпионатына жолдомо алып, тилекке каршы байгелүү орунга илинбей калдым», - деди ал.

Н.Кобашев жубайы экөө 2 уулдун ата-энеси. Спортчунун айтымында, жубайы менен сүйлөшүп жүргөндө аны менен жолугуу үчүн коңшу айылга 30-40 мүнөт жөө барчу.

«Келинчегимдин аты Инобат. Экөөбүз 2 уулду тарбиялап жатабыз. Улуу балам Нурхан 3 жашта болсо, кичүү уулум Алихан 1,5 жашта. Балдарымды абдан жакшы көрөм. Үйгө чарчап келгенде алар мага дем-күч берет. Аларга үлгүлүү ата болууга аракет кылам. Келинчегим да Таласта өскөн. Жубайым экөөбүз мектепте окуп жүргөндө таанышканбыз. Ошол мезгилден бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш коштук.

Сүйлөшүп жүргөндө көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болдук. Айрыкча кыштын ызгаардуу суугуна карабай, коңшу айылга жубайым менен жолугушууга жөө барганым эсимден кетпейт. Жөө бассаң 30-40 мүнөт, ал эми унаа менен 10-15 мүнөттө жетесиң. Ал чыгып, 5-10 мүнөттөн кийин кайра кирип кетчү. Мен ошого бактылуу болуп, кайра үйгө жөнөр элем», - деди ал.

Спортчу Манас районунун Көк-Дөбө айылында 1991-жылы төрөлгөн.

«Атам учурда ардактуу эс алууда болсо, апам үй кожойкеси. Өзүм 5 бир туугандын ортончусумун», - деди Н.Кобашев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×