Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 19.12.2017 10:40 Жаңыланды: 19.12.2017 12:59

Фото - Өмүр бою соттолгондорду жеңилдетилген шартта кармоочу абактагы шарттар

Turmush -  Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү абагында 20 жылдан ашык мөөнөткө соттолгондорду жеңилдетилген шартта кармоочу жайдын жаңы имараты ачылды. Ачылышка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баштаган жетекчилер катышты.

60 орунга ылайыкталган жаңы имаратта өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

«Бул шарттар мекеменин режимдерин бузбай, өзүн түз алып жүргөндөр үчүн түзүлдү. Администрация мындай айыпталуучуларды жеңилдетилген шарттагы имаратка которууга укуктуу. Бул жердегилерге эркин жүрүп, туугандары менен жолугушуу, сырттан буюм алуу жана телефондук сүйлөшүүлөр сыяктуу жеңилдиктер каралган. Буга мыйзам жол берет», - деди Т.Жапаров.

Ал эми, түзөтүү абагынын жетекчиси Нурдин Турусбековдун айтымында, андагы адамдар колдору бош, күзөтчүнүн көзөмөлүсүз жүрөт.

«Албетте алар тартиптерди сакташы керек. Мындай адамдарга мыйзамда артыкчылыктар каралган. Камактагыларды бул имаратка көчүрүүдө ал эч кандай эреже бузбай турганына абсолюттук түрдө ишенимдүү болушубуз керек», - деди ал.

Буга чейин Кыргызстандагы убактылуу кармоочу изоляторлордун сүрөттөрү жарыяланган эле.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×