Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Сокулуктук аялдын короосунан 20 кой уурдалды

Turmush -  Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-декабрь күнү РИИБге Биринчи май айылынын 54 жаштагы тургуну (аял киши) түндө 20 баш майда малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү боюнча кайрылган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иш козголду.

РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө рейд учурунда аталган кылмышка шектүү делип Сокулук айылынын 30 жаштагы тургуну Ч.Б. кармалды.

Кармалган адам камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 702
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×