Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Сокулуктук окуучулар мурунку президент К.Бакиевдин Кыргызстандагы ролун сахналаштырышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинде «Кыргызстандагы тарыхый окуяларды сахналаштыруу» кароо-сынагы ѳткѳрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өтүп, 7-класстын окуучулары мурунку президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстандагы ролун жана оппозициянын урунттуу окуяларга тийгизген таасирин чагылдырып, сахналаштырышты. Аталган кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орунду 8-класстын, 2-орунду 5-класстын, 3-орунду 7-класстын окуучулары ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3260
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×