Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 16.12.2017 12:19 На русском

Аялдык милдеттерин аткарган эмес: Сокулукта аялын ур-токмокко алган жигитке 5 миң сом айып салынды

Turmush -  Сокулук райондук соту аялын ур-токмокко алган 25 жаштагы Х.Д.нын кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун 30-ноябрдагы токтомунда кабарланды.

Сот отурумунда Х.Д. 2017-жылдын 23-июнунда Сокулук айылындагы үйүндө аялы (Х.А.) менен урушуп, анын денесине зыян келтиргени аныкталды.

Х.Д. күнөөсүн моюнуна алып, аталган күнү үй-бүлөлүк жаңжал болгонун билдирди. Анын айтымында, аялы Х.А. акыркы убактарда үйдөгү аялдык милдеттерин аткарбай жана анын сөздөрүн укпагандыктан аны 2 жолу бетине чапкан.

Ал эми, жабырлануучу 23-июнь күнү күйөөсү жаңжал чыгарганын билдирди. Ал белгилегендей, уруш учурунда айыпталуучу аны чаап жана тээп жиберген.

Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына ылайык, Х.А. баш сөөгүнөн, мээсинен жана бетинен жаракат алган.

Жыйынтыгында сот Х.Д.ны күнөөлүү деп таап, мамлекеттин кирешесине 5 миң сом айып төлөп берүү чечимин чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×