Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Чүй облусуСокулук району 15.12.2017 09:33

8 жылдык жаза: Сокулукта мас айдоочу уктап кетип, жол кырсыкка кабылды

Turmush -  Сокулук райондук соту мас абалда унаа башкарып, жол транспорт кырсыкка себеп болгон Т.А.нын кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун 16-ноябрдагы токтомунда кабарланды.

Сот отурумунда Т.А. мас абалында 2016-жылдын 16-октябрына караган түнү «Мерседес Бенц Е 320» үлгүсүндөгү унаа менен батыштан чыгышты карай Бишкек — Чалдовар жолунда кетип бара жатып, «Исузу Трупер» менен кагышканы аныкталды. Аны О.К. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен О.К. денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына ылайык, ал баш сөөгүнөн жана денесинен жаракат алган.

Сотто Т.А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 15-октябрь күнү аялы менен урушуп, андан кийин кызматтык унаасы («Мерседес Бенц Е 320») менен Асыл-Баш айылына барып, ал жерде таанышы менен спирт ичимдиктерин ичкен. Аталган айылдан саат 00:00 чамасында чыгып, Бишкек — Чалдовар жолунда унаа башкарып бара жатып уктап кеткен. Анын кесепетинен алдыда бара жаткан «Исузу Трупер » менен кагышкан.

Ал эми, жабырлануучу О.К. белгилегендей, 16-октябрга караган түнү Бишкек — Чалдовар жолунда Жол коопсуздугун камсыздоо постуна жетпей анын унаасынын артынан башка унаа сүзүп, рулду башкара албай калган. Ал өзүн жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Жыйынтыгында сот Т.А.ны күнөлүү деп таап, аны 3 жыл транспорт каражатын башкарууга тыюу салуу менен 8 жылга жатак абакта жаза өтөө чечимин чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×