Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Жаш талант: Жаа атуу менен алектенген Сезим окуудан кийин чачтарач болуп иштейт

Turmush -  Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын 16 жаштагы тургуну Сезим Азамат кызы бош убактысында чачтарач болуп эмгектенип каражат табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Чачтарачтын окуусун жайкы эс алуу учурунда окугам. Окуудан тышкары эс алуу күндөрү жана каникулда чачтарач болуп иштеп, ата-энеме жардам берем. Кээде классташтарымдын, кошуналарымдын жана туугандарымдын чачтарын тегиздеп берем», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, бош убагында жаа атуу менен да алектенет.

«Талас агай 1 айда бир жолу келип, жаа атуу боюнча мастер-класс өтүп кетет. Азырынча 12 метрлик бутага атып жатам. Учурда аталган айылда Саадаш Абдылдаев атындагы орто мектебинде 11-класста окуйм. Адабият, алгебра жана тарых сабактары жагат. Келечекте каржы адиси болгум келет», - деди ал.

Сезим Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 2001-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 6 бир туугандын кичүүсүмүн. 4 байкем жана 1 эжем бар. Апам мектепте ашпозчу болуп эмгектенсе, атам айыл чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1365
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×