Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Жаш талант: Сокулуктук Алина чий куурчактардын түрүн жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 14 жаштагы тургуну Нурлан кызы Алина унутта калып бара жаткан оюнчуктадын бири — чий куурчактарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен чий куурчак жасоону окуу борборунан үйрѳнгѳм. Ѳзүңѳр билгендей, азыр дүкѳндѳ сатылган оюнчуктардын кѳбү жаш балдарга зыяндуу келет. Ал эми бул чий куурчак табигый заттардан жасалып, наристелерге зыян тийгизбейт.

Чий куурчак жасоого албетте чий, топчу, ийне-жип, чүпүрѳк керектелет. Мен ошол окуу борбордон бир күндѳ эле үйрѳнүп чыккам. Бул чий куурчакты мурун чоң энелерибиз кыздарына жасап беришчү. Алар да бала кезинде ушундай чий куурчактардын түрүн жасашчу экен. Мен буга улай учурда комуз черткенди үйрѳнүп жатам. Келечекте жогорку окуу жайды бүтүрүп, чет тилдерден англис тилин үйрѳнгүм келет», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын улуусу.

«Атам Нурлан, апам Эльмира. Үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын улуусумун. Учурда С.Абдылдаева атындагы мектептин 9-классында окуйм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1133
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×