Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.12.2017 08:41

Айыл турмушу: Сокулуктук архитектор Б.Жанузаков бильярд боюнча мелдештерде ийгилик жаратууда (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 52 жаштагы тургуну Бекболот Жанузаков 3 жылдан бери бильярд боюнча республикалык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча архитектор. Учурда Сокулук районунун башкы архитектору болуп эмгектенет.

«Акыркы 2-3 жылдан бери жумасына 1-2 жолу достор менен бильярдга барып турам. Кечээ жакында өткөн Сокулук районунун акиминин кубогун жеңип алдым. Ал мелдешке айыл өкмөт башчылары, райондук ар тармактын жетекчилери болуп, жалпы 50 киши катышты. Андан мурун август айында республика боюнча архитектура жана УКС жетекчилери болуп 24 киши катышкан мелдеште да 1-орунду алганбыз. Бирок ак-талаалык башкы архитектор менен теңме-тең чыгып, экөөбүзгө 1-орунду бөлүп беришкен. Жайыл району, Москва району жана Сокулук районундагы бильярд сүйүүчүлөр арасында өткөн мелдешке 50 жаштан жогоркулар катышып, чемпиондукту жеңип алдым.

Өзүм бош убакытта жеңил атлетика менен машыкканды, айылга барып ат мингенди жактырам», - деди ал.

Бекболот Жанузаков, 3 кыз, 1 уул жана 2 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×