Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 09.12.2017 14:41

Кызыл-Туу айылындагы окуучулар тхэквондонун сары курун тагынышты

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы мектептин 16 окуучусу тхэквондо менен машыгып, анын ичинен 6 окуучу сары кур тагынышты. Бул боюнча аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалими Сакенова Азизаи Азымкановна билдирди.

Анын айтымында, окуучуларга кур жана ардак баракчаларды мектептин директору И.Жолдошова менен спорт ийриминин жетекчиси Н.Пак тапшырышты.

«Биздин окуучулар көптөн күткөн сары курду тагынышты. Алар көптөн бери тхэквондо ийримине катышып жүрүшкөн. Салтанаттуу линейкада өздөрүнүн спорттогу үйрөнгөн машыгууларын көрсөтүп, директорубуздун жана аталган ийримдин жетекчисинин колунан ардак баракча жана сары кур менен сыйланышты. Аталган спорт ийрими дүйнөнүн жана Кыргызстандын чемпиондорун тарбиялап өстүргөн. Машыгуу жумасына 2 жолу болуп турат. Кыска убакыттын ичинде биздин мектептен барып машыккан окуучуларыбыз да көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Балдарга болгон таасири эң жакшы экен. Анткени өзүмдүн окуучум да катышкан. Анын тартиби начар, урушчаак, кыздарга жасаган мамилеси жаман болчу. Азыр кадимкидей оңолду. Мындай көрүнүштөрдү башка мугалимдер да байкап, айтып жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×