Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

«Жеңеке»: Дарыгер Э.Исакова жолдошун бир кѳрүп жактырып, сүйүү катын жазган (фото)

Turmush -  Сокулуктагы эң жаш жетекчилердин бири Эльвира Исакова жолдошун бир кѳрүп жактырып, сүйүү күнү кат жазган. Ал 1980-жылы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Эльвира жеңе Сокулук аймактык ооруканасынын төрөт жана гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

«Үй-бүлѳнүн тынчтыгы аял кишиден кѳбүрѳѳк кѳз каранды деп ойлойм. Ошондуктан «аял жакшы — эр жакшы» деп айтылган да. Үй-бүлѳдѳ мен үчүн жолдошум биринчи орунда турат. Атабыз эмне десе, ошол болот. Бир эле жолу айтат, экинчи жолу сурамай жок. Жок десе, демек жок. Балдарыбыз дагы ошого кѳнүшкѳн. Экѳѳбүз үйлѳнгѳнгѳ чейин сүйлѳшүп жүрдүк.

Жолдошумду бир кѳрүп эле жактырып, сезимдеримди билдирүү үчүн 14-февраль — Сүйүү күнүндө кат жазгам. Кичинекей кезимде эле «менин күйөөмдүн кѳздѳрү кара, чачы кара жана ѳзү дагы кара торунун келишимдүүсү болот» дечүмүн.

Жашообузда ѳкүнүчтүү эч нерсебиз жок. Баардыгына ыраазымын. Балдарым бар, жолдошум, ата энелерибиз аман-эсен. Үйдө токчулук, эң башкысы мамлекетибизде тынчтык болуп турат», - деди ал.

Сокулуктук жеңе мектепти алтын медаль менен аяктаган.

«Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-лицейди алтын медаль менен бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын кызыл диплом менен аяктагам. 2007-жылы ординатураны ошол эле окуу жайда окуп, акушер-гинеколог кесибин алып чыккам.

Ѳзүм үй-бүлѳдѳ беш бир тууганбыз. Эки агам, 1 сиңдим, 1 иним бар. Атам 42 жашында кайтыш болгон. Апам жанымда», - деди ал.

Эльвира Исакова 13 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет.

«Мен эмгек жолумду 2004-жылы Сокулук аймактык ооруканасында гинекология бөлүмүнөн баштагам. 2012-жылы ошол гинекология бөлүмүнүн башчысы болдум. 2015-жылдан баштап Сокулук аймактык ооруканасынын төрөт жана гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатам. Жетишкен ийгиликтерим көп. Анын эң негизгилери — күн сайын адам өмүрүн, анын ичинде аялзатынын өмүрүн сактоо, ар бир ымыркайды аман-эсен төрөтүп алууга кам көргөнүбүз. Ошол эле маалда менин үй-бүлөм, жолдошум, балдарым – эң чоң ийгиликтерим деп билем. Мен бир гана төрөт бөлүмүндө эмес гинекологиядан да дарылоо иштерин жүргүзөм. Менден дарыланып кеткен бейтаптар алыста болсо да майрамдарда алма, май, каймак салып жиберип, ар дайым алкыш сөздөрүн айтып турушат. Демек менин элге болгон пайдам тийип жатат деп ойлойм», - деди ал.

Эльвира жеңе бош убактысында көркөм чыгармаларды окууну жактырарын да кошумчалады.

«Бош убактымда балдарыма көңүл бурам. Ошондой эле, көркөм чыгармаларды окуп, башкатырма чечкенди да жактырам. Ал эми кошумча өнөр-таланттарым деле жок. Бирок ырдачу жерден ырдап, бийлөөчү жерден бийлейм», - деди дарыгер.

Эльвира жеңе учурда жолдошу менен 1 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3949
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×