Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 04.12.2017 18:21

Сокулукта бөтөлкөлөш аялды муунтуп өлтүргөн адам кармалды

Turmush -  Сокулук районунда аял кишинин өлүмүнө шектүү делген адам кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-ноябрда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Төш-Булак айылындагы сарайлардын биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам изилдөө тобу барып, 35-40 жаштардагы аялдын зомбулук менен өлтүрүлгөн денесин табышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон аялдын өздүгү такталып, ал 38 жаштагы Ч.А. экени аныкталды. Аталган кылмышка шектелип Сокулук айылынын 46 жаштагы тургуну Ц.А. кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алды.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, 10-ноябрь күнү шектүү каза болгон аял менен спирт ичимдиктерин ичкен. Андан кийин экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Мас абалындагы шектүү Ч.А.ны муунтуп, окуя болгон жерден качып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×