Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылындагы тургундар көчөгө техникаларды тизип алган кошунасынын үстүнөн арызданышты.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан Turmush басылмасына билдиришкендей, тишелүү жетекчилер жерине барып, жыйынтыгында техникалар алынды.
«Гавриловка айылынын Пушкин көчөсүнүн тургундарынан түшкөн арызды кароо максатында аким Илияз Ташкулов, айыл өкмөтүнүн башчысы Дарика Картаңбаева, райондук архитектура, мамлектеттик каттоо башкармалыктарынын жана милиция бөлүмүнүн жетекчилери менен биргеликте жеринен маселе каралды. Анын жыйынтыгы менен тапшырмалар берилди. Анда аталган жаран 3-4 үйдүн алдын тосуп, техникаларды тизип, алардын тетиктерин саткан жай кылып алган», - деп айтылат маалыматта.