Turmush — Баткен шаарына кире беришинде төөнүн өркөчүнө окшош тоо жайгашкан. Жергиликтүүлөр аны Төө-Таш деп атап коюшат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, тоого алыстан көңүл буруп караган адамга кадимкидей жаткан эки өркөчтүү төөнүн элесин берет. Төө-Таштын айланасында башка тоо жок болгондуктан түбүнө жергиликтүү тургундар тарабынан эгин-тегин эгилип, бак отургузулган. Аталган аймакта ар жуманын ишемби күнү тамеки базары болуп, дыйкандар өстүргөн тамеки жалбырактары сатылат.
Төө-Таштын айланасында азырынча тарыхый изилдөө жана археологиялык казуулар жүргүзүлө элек. Төө-Таш тоосу Ош—Баткен—Раззаков унаа жолуна жакын жайгашкандыктан аны ары-бери өткөндө тоскоолдуксуз көрүүгө болот.