Turmush — Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы он бир көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу шаар мэри Нурадил Станов билдирди.
Анын айтымында, Ленин, Футбол көчөлөрүндөгү чырактар эскирип калган. Алар жаңы чырактарга алмаштырылды. Мындан сырткары Победа, Лермонтов, Жаңы Ала-Арча, Киров, Калинин, Новый, Биринчи май, Степной, Некрасов көчөлөрү жарыктандырылды. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.