Turmush — Сокулук районунун Крупская айыл аймагында алгачкы жолу үстү жабык футболдук спорт аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу Крупская айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, спорт аянтчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 4 млн 800 миң сом бөлүнгөн.
«Крупская айыл аймагынан куралган командалар райондук, облустук, республикалык мелдештерге катышып, ийгилик жаратып келишет», - деп айтылат маалыматта.