Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Жангарач Иманов эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери асыл тукум мал кармап келет.
«Союз мезгилинде совхоздо ширетүүчү болуп иштедим. Союз тарагандан кийи мал чарба кармай баштадык. Ошентип бирден-экиден гиссар породасындагы кой-кочкорлорду чогулта баштадым. Анда мындай кочкорлор бизде жашаган башка улуттун өкүлдөрүндө көп болчу. Ал кезде 5-6 миӊ сомго эле баалап сатып алчумун. Эӊ кымбаты 8 миӊ сом болчу. Анан 20 баш гиссар кочкорубуз селекцияланып отуруп, акыры «Арашан» породасына айланды. Азыр мындан 60 тубар коюбуз бар», - деди ал.
Каарманыбыздын кой-кочкорлору колдон колго өтүп отуруп, кымбат баага сатылгандары бар.
«Биздин чарбадан көп эле атактуу кочкорлор чыкты. Бирок, алар атактуу болгон кезде ээси биз болбой калганбыз. Анткени биз эч кимге жарыялабай эле, арзаныраак баа менен короодон сатып жиберчүбүз. Бизден алган ортомчулар кийин жакшы баа менен сатышканын угуп калабыз. Мисалы, былтыр 35 миӊ сомго эркек козу сатканбыз. Аны сатып алган киши 2-3 ай багып, 4 миӊ долларга сатыптыр. Андан алган киши Кара-Балта шаарындагы көргөзмөгө чыгарып, 10 миӊ долларга сатыптыр. Ургаачы козу сурагандар көп. Бирок аларды көп сата бербейбиз. Баалары ар кандай. Ургаачы козулар 50 миӊ, эркек козуларыбыз 35-40 миӊ сомдон башталат. Чоӊ койлор 100 миӊ сомдон жогору. Эӊ кымбат сатылган кочкорбуз 120 миӊ сомго кеткен. Кудай буюрса дагы көбөйтөбүз деген оюбуз бар.
Койдон тышкары асыл тукум эчкилерибиз жана жылкыларыбыз бар», - деди ал.
Каарманыбыз, үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы. 1960-жылкы аталган айылда туулган.