Turmush — Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан Тынчтык конушунун 31 жаштагы тургуну Жанат Кубатбекованын кичүү кызы адамдарда чанда жолукчу оору менен жапа чегип келет.
Жанат Кубатбекованын айтымында, кызынын дианозу курсакта 29 жума болгондо эле билинген.
«Жолдошум экөөбүз бир айылданбыз. Кудайым белек кылган эки кызыбыз бар. Улуу кызым 2017-жылы төрөлсө, кичүүсү 2019-жылы жарык дүйнөгө келген. Ошол кичүү кызым Аиша 29 жумалык боюмда бар кезде ушундай диагноз менен төрөлөрүн билгенбиз. Азыр Кудайга шүгүр 1 жаш 2 ай болуп калды. Дарыгерлер мындай диагноз менен төрөлгөндөр көпкө жашабайт дешет. Бирок убагында туура дарыласа жашап кетет экен. Кызымдын омурткалары ажырап, жүлүнү сыртка чыгып калган, башынын 1/3 бөлүгүндө суу бар. Буттары билинер билинбес кыймылдайт жана заарасын кармабайт. Азыркы убакта отургузганга болбойт, башын кармай элек. Буюрса, Түркиядан жүлүнгө операция жасатсак буттарынын кыймылдашына шарт түзүлөт. Кийинчерээк омурткасына операция жасалат», - деди ал.
Аиша төрөлгөндөн кийин 2 айында башына «шунт» коюлган.
«Кудайга шүгүр, суусу кетип, мээси көрүнүп калды. 8 айында чуркусунан операция болду. Стамбулдагы ооруканадан кеңеш алганбыз. Алар бизге операцияга кете турган чыгымды эсептеп беришкен. Операцияга жалпы 1 496 098 сом керек экен.
Операцияга 2 ай алдын ала жазылыш керек экен. Акчанын жарымын чогултуп алып, анан жазылалы дегенбиз. Кудайым буюрса карантин бүтсө кайсы күнгө жазыларыбыз белгилүү болот. Мен кыздарым менен үйдө элемин, жолдошум такси кызматында иштейт», - деди ал.
Жардам берем дегендер үчүн:
Телефон номур: 996 705 253 114
Элсом: 0705253114
Элкарт: 9417019440762761
MBank 996705253114 Zhanat K.A.